Turmush — Баткен районунун Кызыл-Бел айылынын аталышы кызыл дөбөлөрдөн улам калган. Аймактык кабарчы элеттин таржымалын тактады.
Айылдагы тарыхчы мугалим Тажимат Жапаровдун айтымында, элет 1972-1973-жылдары негизделген. Айылдын четинде кызыл топурактуу дөбөлөр көрүнүп тургандыктан Кызыл-Бел деп аташкан.
«Айыл алгач талаа болуп турган. Бара-бара эл отурукташып, суу тартылып айылга айланган. Кызыл-Бел Тажикстанга чектеш жайгашкандыктан Тажикстандын Исфара районунун аймагындагы этникалык кыргыздар көчүп келишкен. Айылда ар тараптан көчүп келгендер көп болгондуктан аралашма калк деп атап коюшат. Бирок барында кыргыз каны агып турат. Көчүп келгендер жөн гана ошол жакта калып, кийин мекенине кайткандар», - деди Жапаров.
Айылдын четиндеги көлмө Котур-Көл деп аталат. 1968-жылдары ал жерден уран казылып, Тажикстандын Исфара районундагы химиялык заводго ташылчу. Кийин 1973-жылдары жер астынан суулар чыкканда уран казылган чуңкур көлмөгө айланган. Химиялык заттардын кандайдыр бир реакциялык кубулушунан улам теринин котур, суу чечек жана башка ооруларынан жабыркагандар көлмөгө түшүп сакая башташкан. Ошондон улам көлмө Котур-Көл деп атала баштаган.
Айыл башчысы Намаз Рустамовдун айтымында, учурда айылдагы 1720 кожолукта 6680 адам жашайт. Бара-бара айдоо жерлери жоюлуп, бакка айланууда. Жалпы 1 миң гектарда бак-дарактар өскөн.
Айылда «Баатыр эне» наамын алган 177 эне, «Эне даңкы» наамын алган 37 эне бар. Элетте 2 орто мектеп, 1 ФАП, «Барчын» балдар бакчасы жана 3 мечит иштейт. Айылдын күн батыш тарабынан 600 кожолукка ылайыкташкан жаңы конуш берилип, учурда ал жерге суу жеткирүү иши жүрүп жатат.
Кызыл-Бел айылынын футбол командасы райондор аралык мелдештерде алдыңкы орундарды ээлеп келет. Футболчу балдар үчүн кичи футбол аянтчасы, стадион курулган. 200 кишилик жайкы маданият үйүндө ар кандай иш-чаралар, салтанаттар уюштурулат.
Жаш жеткинчектердин атайын таэквондо боюнча спорт залында 22 бала машыгууда. Машыктыруучу Абдибек Абдигапар уулу таэквондо боюнча Тажикстандын Худжант шаарында өткөн Орто Азия чемпионатында 2 ирет 1-орунду, Дүйшөнбү шаарында 3-орунду, Кыргызстан боюнча 2 ирет 1-орунду багындырган. Анын кол алдында машыккан окуучулары да ийгиликтерди жаратып жатат. 2016-жылдын апрель айында Кыргызстандын облустар арасындагы чемпионатында Кызыл-Бел айылынын таэквондочусу Ыйманали Максат уулу 22 кг салмакта, Азимбек Рахматуллаев 48 кг салмакта 1-орунду багындырды. Ал мелдеште кызыл-белдик спортчулар жалпы 2 алтын, 3 күмүш жана 7 коло медаль жеңип келишкен.
Айылдын Америка, Германия, Кытай, Россия жана башка өлкөлөрдө жогорку билим алып жаткан жаштары да бар.