Turmush — Шаардын инфратүзүмүн жакшыртуу максатында Чүй облусунун Панфилов районуна караштуу Кайыңды шаарында 1600 метр аралыктагы 4 ички көчөдө асфальттоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдирди.
Кайыңды шаары райондун борбору болуп саналат.
«Учурда жалпы узундугу 1 чакырым 600 метр болгон 4 көчөдө, тактап айтканда, Куйбышев, Кабельный, Пионерский жана Молодёжный көчөлөрүндө асфальттоо иштери жүргүзүлүүдө. Ага жергиликтүү бюджеттен 10,9 млн сом бөлүнгөн», - деп айтылат маалыматта.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.