Turmush — 32 жаштагы Орозали Тагаев Россияда онколог дарыгер болуп иштеп келди. Ал Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде жумушу тууралуу айтып берди.
Орозали Тагаев Россия Федерациясында 6 жылдай иштеп, чет өлкөдө үйрөнгөн тажрыйбасы аркылуу эмгек жолун Жалал-Абад облусунда улантууну пландап жатат.
«Өзүм Жалал-Абад облусунун Сузак районуна карашуу Бек-Абад айылынан болом. Мектепти аяктап, Бишкектеги Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын дарылоо факультетине тапшыргам. Окуу жайды 2015-жылы аяктап, ординатурамды Бишкектеги Улуттук онкологиялык борбордо өтөдүм. Окууну аяктаган жылдары эмнегедир залалдуу шишикти дарылоого кызыгып калдым. Себеби азыр көрүп жатасыздыр, көпчүлүк адамдар дал ушул илдет менен жабыркап, айрымдары каза болуп жатат.
Мындан улам бул оору тууралуу көп маалымат билип, аны айыктыруунун жолун издөө максатында квалификациямды жогорулатуу үчүн 2018-жылы Россияга, тактап айтканда Москвадагы Сеченовский атындагы медициналык окуу жайына тапшырдым. Ошол жылдын аягында билимимди арттырып, сертификациядан өтүп, Оренбург шаарындагы мамлекеттик бейтапканада онколог дарыгер болуп 8 ай иштедим. Ал арада Нижний Новгород облусунун Выкса шаарындагы жеке менчик клиникадан жумушка чакырып, сунуш болуп калды. Алар менен келишим түзүп, ар жыл сайын онкологиялык билимимди клиниканын эсебинен арттырып туруу талабы менен жумушка орноштум. 2019-жылы клиника жетекчилиги мени Москвадагы П.А.Герцен атындагы онкологиялык илимий-изилдөө институтуна жөнөтүп, химия терепия боюнча билим алып келип, иштеп баштадым. Ал эми 2020-жылы Москвадагы медициналык университетте тажрыйбамды бекемдеп, аны жумушумда колдонуп кеттим», - деди ал.
Дарыгердин айтымында, рак илдетинин белгилери байкалбагандыктан оору көп убакытта аныкталат.
«Мындан улам ооруну канчалык эрте аныктап, тактап айтканда анын канчанчы стадияда экендигин аныктап, ага туруштук бере ала турган дарыларды берип, оорунун аянтын кеңейтпей бир ордунда кармап, илдетти токтотуп калуу бул — дарыгердин жетишкендиги. Мени таң калтырганы Россия Федерациясында залалдуу шишик же рак илдетине мамлекет баш болуп олуттуу көңүл бөлүп, а түгүл химия терапия алган бейтаптар үчүн акча каражатын бөлүп, муктаж болгон дары-дармек менен камсыздайт. Окумуштуулар атайын дарылоонун протоколун иштеп чыгып, мамлекеттик стандарттын негизинде Саламаттыкты сактоо министрлигинин, а түгүл орус өкмөтүнүн түздөн-түз көзөмөлү астында акысыз дарылашат.
Бир сөз менен айтканда, мен тажрыйба топтоп келген өлкөдө ракты иммундук препараттар менен айыктырат. Ал эми бизде, Кыргызстанда ар кайсы жеке менчик клиникалар өзү билген протокол менен дарылашат, бирдиктүү стандарт жокко эсе. Жөнөкөй эле мен иштеген клиниканы айтайын. Эгер бейтап ооруп келсе, аны кандай тартипте дарылаш керектиги боюнча атайын консилиум түзүлүп, анын курамына хирург, онколог, атайын окумуштуулар жана бейтап болуп, 4-5 киши кирип дарылашат. Ал эми ушул эле көрүнүш Кыргызстанда болсо, бейтапты химия менен дарылайбы же ага операция жасалабы, аны бир эле көргөн дарыгер айтып, ошол ыкма менен дарылашат экен. Ушундай көрүнүш мени тынчсыздантат», - дейт каарманыбыз.
Орозали Тагаев өз тажрыйбасында көкүрөк рагынын 4-стадиясы менен жабыркаган келинди аман алып калганын, адатта илдет канчалык эрте аныкталса, аны дарылоо ошончолук эффективдүү болорун белгиледи.
«Мындан 3-4 жыл мурда биздин онкологиялык борборго 30 жаштагы аял келди. Ал төрөттөн кийин көкүрөгүндө шишикти байкаган. Бирок жаш эне аны сүттүн топтолуп, катып калганы (лактостаз) деп ойлоп, анчейин маани бербей, УЗИге барса, жыйынтыгы жаман болуп чыккан. Биз ага биопсия жасасак, эмчек рагынын 4-стадиясы деп жыйынтык чыгарды. Ошол замат консилиум чогулуп, бейтапты эл аралык протокол менен дарылайбыз деп макулдаштык. Бирок алар Израилге кетип калышыптыр. Ал жактын дарыгерлери да биздин дарылоо ыкмабызды көрсөтүп, дарылоонун бир курсун 7500 доллар деп айтышкан. Кийин бейтап кайра бизге келип, жеңилдетилген программа менен дарыланып, илдетти токтотууга жетиштик. Биздин эсебибизде ал аял болжол менен 1,5 жылда каза болушу керек эле. Кудайга шүгүр, ал аял жашап жатат. Негизи рактын 4-стадиясын айыктырып жиберүү деген мүмкүн эмес. Бирок дарылар менен шишикти чоңойтпой, адамдын өмүрүн узартырууга мүмкүнчүлүк болот.
Дагы бир учур болду. Анда 25 жаштагы төрөй элек кыз келди. Анда рак илдети генетикасында бар экен. Тактап айтканда, апасы рак менен жабыркап каза болуптур. Кийинчерээк ал кызда да илдет аныкталган. Биз анын оорусун эрте аныктап, туура кеңеш берип, туура дарылап, ракты жеңүүгө жетиштик. Бирок ал бейтаптын эки көкүрөгүн алып, анын ордуна имплант койдук. Азыр ал бейтап ракты жеңди, бул биздин жетишкендик», - деди Тагаев.
Онколог дарыгер учурда Кыргызстанда, ал быйыл Россиядагы жеке менчик клиника менен келишимин бүтүрүп, өз өлкөсүндө топтогон тажрыйбасын пайдаланууну пландап жатат. Ал акыркы мезгилде илдет калк арасында жайылып кеткенин сапатсыз тамак-аш жана экологиянын бузулушуна байланыштырды.
Расмий маалыматтарга караганда, Кыргызстанда жыл сайын 200дөй баладан рак аныкталат. 2023-жылы мамлекет онкологиялык ооруга чалдыккан балдарды химиялык дарылоого 100 млн сом берген. Бир бейтаптын алгачкы дарылоосуна орточо 500 миң сом сарпталат.
Залалдуу шишик (медициналык аталышы малигнизация же рак) — бул клеткалардын көзөмөлсүз жана аномалдуу көбөйүүсүнөн пайда болгон оору. Бул шишиктер башка ткандарга жана органдарга өсүп кирип, организмдин нормалдуу иштөөсүн бузушу мүмкүн.
Шишиктердин негизги түрлөрү:
1. Карцинома: териден же ички органдарды каптаган ткандардан чыккан.
2. Саркома: булчуңдардан, сөөктөрдөн жана башка кошумча ткандардан пайда болот.
3. Лейкоз: кан өндүрүүчү ткандарды жабыркатат.
4. Лимфома жана миелома: иммундук системанын клеткаларын жабыркаткан шишиктер.
Белгилери:
• Туруктуу чарчоо.
• Салмак жоготуу же табиттин жоголушу.
• Тынчсыздандырган шишиктин пайда болушу.
• Узун убакытка созулган жөтөл же үн өзгөрүүлөрү.
• Денеде ачык себепсиз кан агуу.
Диагноз:
• Кан анализдери.
• УЗИ, КТ же МРТ сыяктуу сүрөт тартуу ыкмалары.
• Биопсия (шишиктин бир бөлүгүн текшерүү).
Дарылоо:
1. Хирургиялык жол: шишикти кесип алып салуу.
2. Химиотерапия: шишик клеткаларын дары-дармек менен өлтүрүү.
3. Сазотерапия: шишик клеткаларын нурландыруу.
4. Иммундук терапия жана таргеттүү терапия: организмдин коргонуу системасын күчөтүү же шишикти атайын дары менен бутоо.