Turmush — Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда Баткен облусунан алынып келген притон породасындагы эчкилер төлдөп баштады.
Айыл өкмөттүн өкүлдөрү Turmush басылмасына берген комментарийинде бул тыбыттуу эчкилердин жүнүнө суроо-талап жогору экенин айтышты.
Адистердин айтымында, Жети-Өгүздүн климатына жакшы көнсө, бир эчкиден 450-500 граммга чейин баалуу тыбыт алууга мүмкүн.
Учурда 200 баш эчки Жети-Өгүз айыл аймагынын муниципалдык ишканасына өткөрүлдү. Эчкилер жайында Ак-Таш жайлоосунда, андан ары Ак-Шыйрак, Сырт өрөөндөрүндө багылат.
Келечекте алардын тыбытын иштетип, экспортко чыгаруу пландалып жатат.
Turmush 2025-жылдын август айынын ортосунда Жети-Өгүз айыл аймагында айыл чарба багытында алгылыктуу иштер аткарылып жатканын жазган.
Айыл өкмөт башчысы Урмат Докоев малды бордоп семиртүүчү чарба түптөлгөнүн айткан.
«Сандан сапатка өтүү максатында 2021-жылы ал кезде административдик-аймактык реформага чейин Липенка айыл аймагы болуп турганда малды бордоп семиртүүчү чарба түптөгөн элек.
Алгач ишти баштоого демөөрчү тарабынан 5 млн сомдук колдоо көрсөтүлүп, айыл аймагынын бюджетинен 100 башка ылайыкталган мал сарай курулган. Иш жылкы бордоп семиртүүдөн башталып, учурда бул чарбада уй баласын эт багытында семиртүү уланууда», - деген Урмат Докоев.
Чарбанын жетекчиси Эрмек Чекиров бул жерде 4 адам туруктуу иш менен камсыз болгонун билдирген. Чарба өзүн-өзү каржылайт, жем-чөбүн өзү камсыздайт. Түшкөн каражат айылдын социалдык инфраструктурасын жакшыртууга жумшалууда. Анын айтымында, 100 баш уй баласы 6 айга чейин багылып, андан соң сатылып, кайра орду толукталып турат.
Айыл аймакта уяң жүндүү придон породасындагы эчкилер багылып, чарбаны кеңейтүү багытында аракеттер көрүлүп жатканы айтылган.
Айыл өкмөт башчысы Урмат Докоевдин маалыматы боюнча, малдын асылдуулугун жогорулатуу максатында 2025-жылдын март айында Баткен облусунун «Тегирмен-Башы» эчки чарбасынан 200 улак Оргочор асыл тукум кой чарбасына алынып келип, Жети-Өгүз айыл аймагына өткөрүлүп берилген.
«Быйыл алгачкы ирет тыбыт алдык. Келерки жылы ар биринен 500 граммга чейин тыбыт алууну пландап жатабыз. Учурда улактар биздин климаттык шартка көнүп, жакшы өсүп калышты. Эми чарбаны кеңейтип, Казакстандан кошумча 200 эчки алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Эгерде долбоор ишке ашып калса, чарба 200 башка чейин толукталат. Быйыл тыбыт аз алынганы менен 1 кг тыбыт 3800 сомго чейин бааланды. Кеч күздө эчкилер айылга түшүрүлөт. Келерки жылы сырт өрөөнүнө чыгаруу да пландалууда. Чарбаны кеңейтип, сандан сапатка өтүү менен кошумча иш орундарын түзүү каралууда», - деп кошумчалаган Урмат Докоев.
Придон породасы — жогорку сапаттагы тыбыт берүүчү эчкилердин породасы. Кыргызстанда бул порода жергиликтүү эчкилердин сапатын жакшыртуу жана жүн-тыбыт багытындагы жаңы тукумдарды алуу үчүн кеңири колдонулган.
Придон породасынын мүнөздүү артыкчылыгы — анын коюу жана жумшак тыбыты, тез жетилүүсү, тирүүлөй салмакты тез кошуусу жана тоют тандабагандыгы. Бул эчкилер кургакчыл шарттарга абдан чыдамдуу келет.
Тыбыттын узундугу — бул породанын эң маанилүү өзгөчөлүгү. Придон эчкилери эң узун тыбытка ээ (9-13 см). Салыштырмалуу: Тоолуу-Алтай эчкилеринде 7-9 см, Оренбург эчкилеринде 5-5,5 см, ал эми Казакстан менен Дагестандын жергиликтүү эчкилеринде 3,5-5 см болот. Тыбыттын өсүшү күз айларында (сентябрь-ноябрь) эң жогорку чекке жетет. Январдын аягында өсүү токтоп, февраль айында түлөй баштайт. Дененин ар кайсы бөлүгүндөгү тыбыттын узундугу канчалык бирдей болсо, анын технологиялык сапаты ошончолук жогору деп эсептелет.