Turmush — Бүгүн, 17-мартта Аксы районунун Кербен шаарына караштуу Боспиек айылындагы «Шейит» мазарында 2002-жылы болгон окуяда курман болгон адамдарды эскерүү иш-чарасы өттү.
Маалым болгондой, иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, Жогорку Кеңештин депутаты Айсаракан Абдибаева, Аксы районунун акими Максатбек Саргазаков, ошондой эле маркумдардын жакындары жана окуяда жабыркаган жарандар катышты. Маркумдардын элесине арналган эстеликке гүл коюлуп, Куран окулду.
2002-жылдын 16-17-март күндөрү Аксы районунда болгон коогалаңда 6 адам каза болуп, 28 адам ар кандай жаракат алган. Быйыл ыйгарым укуктуу өкүлдүн резервдик фондунан каза болгон жарандардын жакындарына жана окуяда жабыркаган жарандарга материалдык жардам көрсөтүлдү.