Turmush — Нарын облусунун Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылынын тургуну Кишимкан Тойтукова өмүрүнүн бир бөлүгүн агартуу тармагына арнаган. Баатыр эне менен Turmush басылмасынын кабарчысы маектешти.
Кишимкан Тойтукова 1953-жылдын 3-январында жарык дүйнөгө келген. Ал Нарын педагогикалык окуу жайын аяктаган.
Жолдошу Жунус Үсөналиев экөө 1970-жылы баш кошуп, бирге узак жана мазмундуу өмүр сүрүшкөн. Жолдошу Бирлик айылындагы тоют цехинде жетекчи болуп иштеп, мал чарбачылыгына керектүү жем жана гранул өндүрүшү менен алектенген. Каарманыбыз жолдошу өз ишин мыкты билген, эмгекчил, жоопкерчиликтүү адам болгонун эскерет.
Кишимкан Тойтукова эмгек жолун мугалимдиктен баштаган. Алгач Терек-Сууда 2 жыл башталгыч класстарга сабак берип, кийин Ак-Моюнда 8 жыл иштеген. Андан соң Бирлик айылына көчүп келип, 4 жыл бала бакчада тарбиячы жана жетекчи болуп эмгектенген. Жалпы педагогикалык стажы 15 жылды түзөт.
Үй-бүлөдө 10 бала — 7 кыз, 3 уулду тарбиялап өстүрүшкөн. Бүгүнкү күндө алардын баары турмуш жолуна түшүп, өз-өзүнчө түтүн булатып жашап жатышат.
«Балдарыбызды уул болобу, кыз болобу, айтоор баарын түз жолго салып, жамандык кылбоого, чынчыл болууга тарбияладык. Жолдошум балдарды катуу кармап, катуу тартип менен өстүрдү. Жыйынтыгы жакшы болду. Бүгүнкү күндө балдарым ыймандуу, элге жардам берген инсандар болуп жетилди. Баарына ыраазымын, менин оюмдагыдай, Кудайга шүгүр кылам», - дейт ал.
Балдарынын ар бири өз тармагында эмгектенет. Улуу уулу Камчыбек айыл чарба иштерин жүргүзсө, Болотбек энергетика тармагында иштейт. Султан айыл башчысы болуп иштеп, учурда чарбачылык менен алектенүүдө. Кыздарынын арасында мугалимдер, медицина кызматкерлери жана башка кесип ээлери бар.
Кишимкан апа учурда 36 неберенин, 10 чөбөрөнүн чоң энеси. Ал пенсияга 45 жашында чыккан.
«Ал кезде айлык 30 сом болсо да, жетиштүү болчу. Баалар арзан, акчанын баркы жогору эле. Азыр ойлосок жомоктой сезилет», - дейт ал.
Жолдошу 2010-жылы дүйнөдөн кайткан. Андан кийин Кишимкан апа неберелерин багып, кол өнөрчүлүк менен алектенип келет. Ал шырдак, супара жасап, жип ийрип, кардарларга сатат.
«Өзүмдүн кардарларым бар. Балдарыма боз үй көтөрүп берейин деп кийиздерин даярдап койдум. Неберелериме шырдак белек кылам», - деди ал.
Анын айтымында, үй-бүлөдөгү ынтымак — эң чоң байлык.
«Балдарым чогулганда өзүмдү бактылуу сезем. Ар дайым ынтымакта, биримдикте болушса экен деп тилейм», - деп сөзүн жыйынтыктады.