Turmush — Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылында «Мыкты улуттук даам» сынагы уюштурулуп, жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
21-март — Нооруз майрамына карата кыргыздын улуттук тамак-аштарын даңазалоо максатында «Арыба кыргызымдын нарктуулугу» аттуу долбоордун алкагында «Мыкты улуттук даам» сынагы жарыяланып, ага мекеме-ишканалар жана жеке адамдар тарабынан жасалып келинген тамак-аштар коюлду. Көргөзмөгө сүттөн жасалган азыктар, нандын түрү, эттен жасалган ар түрдүү дүйүм тамактар жана башкалар коюлду. Жеңүүчүлөргө демөөрчүлор тарабынан акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Жеңүүчүлөр:
- 1-орунду Баетов айылынын Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектеби багындырып, 20 миң сом жана диплом;
- 2-орунду Терек айылы камсыздап, 15 миң сом жана диплом;
- 3-орунду Баетов айылындагы «Жаш тилек» бала бакчасы ээлеп, 10 миң сом жана диплом менен сыйланышты.