Turmush — Базылбеков Манасбек Базылбекович президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси кызматына дайындалды.
Маалым болгондой, тиешелүү буйрукка президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев кол койду. Жаңы жетекчи бүгүн, 19-мартта жамаатка тааныштырды.
Манасбек Базылбеков 1995-жылдын 15-сентябрында туулган. Жогорку юридикалык билимге ээ.
- 2011–2014-жылдары Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Кесиптик юридикалык колледжин юриспруденция адистиги боюнча аяктап, юрист квалификациясын алган;
- 2014–2017-жылдары аталган университеттин алдындагы Юридикалык институтта билим алып, бакалавр даражасына ээ болгон;
- 2017–2019-жылдары ошол эле институттун магистратурасын аяктаган.
Эмгек жолу:
- 2019-жылы — «Премьер Право» ЖЧКсында башкы директор кызматынан баштап, андан соң ар кайсы жооптуу кызматтарда эмгектенген;
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде министрдин жардамчысы жана кеңешчиси;
- Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде караштуу «Өндүрүштүк-инновациялык борбор» мамлекеттик мекемесинде директордун орун басары;
- «БМБ Глобал» ЖЧКсында башкы директор;
- Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинде директордун жардамчысы жана кеңешчиси;
- Кыргыз Республикасынын президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жардамчысы.
3-класстагы мамлекеттик жарандык кызматтын кеңешчиси класстык чинине ээ.
Кошумча билим алып, бир катар эл аралык программаларга катышкан. Анын ичинде жол коопсуздугу жана европалык инновациялык чечимдер боюнча тажрыйба алмашуу программаларына (Литва, Австрия, Нидерланды) катышкан. Ошондой эле Евразиялык изилдөөлөр институтунун Ф.Н.Плевако атындагы стипендиаты жана ЕККУ менен American Councils уюмдарынын «Жогорку Кеңештеги стажировка» программасынын стипендиаты (2015-жыл) болуп саналат.
Буга чейин президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппаратын Адилет Акбаралиев жетектеп келген. Ал башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу өз арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган болчу.